Сауд Арабиясы камчы менен сабап жазалоону токтотту
Сауд Арабиясынын бийлиги, мыйзамсыз жорук жасаганы үчүн мүмкүн болгон жазалоо формасынын арасынан, камчы менен сабоону алып таштады, деп билдирди Reuters. Бл тууралуу 25-апрелде ТАСС агенттиги мааламдады.
Агенттиктин маалыматы боюнча, мындан ары камчы менен сабоо айып төлөө, же болбосо түрмөгө камоо менен айырбашталат.
«Бул чечим адам укугу тармагында король Сальмандын [бен Абдель Азиза Аль Сауд] жетекчиилиги менен жүргүзүлүп жаткан реформалардын уландысы болуп саналат. Бул реформалар мураскор ханзада Мухаммед бен Сальмандын [Аль Сауд] түздөн-түз көзөмөлү алдында ишке ашып жатат», — деп айтылат падышачылыктын Жогорку сотунун документинде.
ТАСС белгилегендей, диний нормаларды сактоону күчөтүү зарылчылыгы Сауд Арабиясында 1980-жылдардын башында «Иранда 1979-жылы шейиттер бийликке келип, мусулман дүйнөсүндө Сауд Арабиясынан лидерликтин тизгинин талаша баштаганда ишке ашырылган».
Король Абдаль бен Абдель Азиз Аль Сауддун (2005−2015-жылдар) тушунда гана падышачылык коомдук турмушта диний догмалардын таасиринен арыла баштаган.
2015-жылы бийликке келген король Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд өзүнөн мурунку мамлекеттик лидердин курсун уланткан. Сауд Арабиясында туризм менен маданият тармагында өзгөрүүлөр болуп, аялдардын укугу кеңейтилди. 2017-жылдын октябрында өлкөнүн «ашкере эмес исламга» кайтып келгени тууралуу билдирилип, бүтүн дүйнөгө карата ачык мамлекетке айлантуу ниети бар экени айтылган.
Abal.kg