Коом

Карантин 2-3 ай болоорун эстен чыгарбайлы. Дарыгердин кайрылуусу

Дүйнө жүзүндө коронавирус илдети каптаган өлкөлөрдө карантиндин узактыгы 2-3 айга чейин созулуп жатат. Ал эми Кыргызстанда абал кандай болот. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын орун басары, дарыгер Урматбек Боржиев маалымат жыйынында түз эфирден  кайрылуу жасады. “Карантин режими эки-үч айга чейин уланат, муну ар бир жаран мээсине куюп, даяр болушу керек деди ал.

Дарыгер элге кайрылып, коронавирустан сактануу эрежелерин эскертти.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бул илдет жеңил көрүнгөнү менен аябай кооптуу. Саламаттык сактоо кызматын эмес, бүт жашообузду, экономикабызды өзгөрткөн илдет болуп жатат. Карантин эки-үч айсыз бүтпөй турганын ар бир адам мээсине куюп алышы керек. Абал эки-үч айда толук турукташканга чейин үйдө отуруш керек”, — деди Боржиев.

Ошондой эле ал тамак-аш, дары-дармек алууга муктаждык болгондо гана сыртка чыгып, анда дагы адамдардын ортосундагы үч метрлик аралыкты сактап, ар дайым бет кап тагынууну эскертти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button