Пайдалуу кеңештер

Сырттан келгенде мурун, тамак, бетти, көздү жана бут кийимди жууп, кийим алмаштыргыла дейт адистер

Россиянын  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бүткүл россиялык  граждандык коргонуу  жана өзгөчө абалдар илимий изилдөө институнунун (ВНИИ ГОЧС) адистери, сырттан үйгө кайтып келгенде коронавирус инфекциясын жугузуп албоо үчүн мурунду, тамакты жана көздү жууш керектигин айтышты. Бул тууралуу 3-майда ТАСС билдирди.

«Көчөдөн келгенден кийин колду самындап жылуу суу менен 20 секунддан кем эмес жууш керек. Ошондой эле мурунду жана тамакты чайкап, бетти, көздү жуу зарыл», — делинген ВНИИ ГОЧСтун рекомендацияларында.

Андан сырткаары адистер бут кийимди да жууп жана кийим алмаштырып, ал эми жеке коргонуучу каражатттарды утилдештириш (жок кылуу) керек дейт.

Коронавирус карантининин шартында  ВНИИ ГОЧС тамак ичээрдин алдында жана туалетке баргандан кийин колду  самындап жылуу суу менен жуугула деп кеңеш берет.

Булардан тышкаары имаратты бат-баттан желдетип, жууй турган жана дезинфекциялоочу эффект берчү турмуш-тиричилик химиясынын каражаттарын пайдаланып,  нымдуу тазалоодон өткөрүп туруу зарылдыгын баса белгилешет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button