Пандемиядан кийин Кыргызстанда тойлор токтосо, жашоо кандай өзгөрөт (видео)

Кыргызстанда  тойлор жана үйлөнүү үлпөтү токтосо эмне  болот? Ашыкча шаан-шөкөттөр, оюн-зооктор кыскарса Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрө турганын видеого тартып, элге сунуштаган  пайдалуу кеңеш менен таанышып алыңыздар. Бул божомол чындыкка жакын жана пайдалуу  экенин коомчулук жылуу кабыл алууда.

Кыргызстанда тойлор токтосо эмне болот? Бир айдан кийин тамак-аштар кескин арзандайт. Базарларда  азыктар толот, негизгиси сатып алуучулар эми жок болот. Эки айдан кийин ресторан-тойканалар жабылат. Үч айдан кийин унаанын баасы түшөт, базарда кымбат унаалар арзандайт жана толо баштайт. Жарым жылдан кийин аялдар өзүнө пайдалуу жана керектүү иштери менен алектене баштайт. Бир жылдан кийин Кыргызстандын эли акчасы көбөйгөнүн байкашат. Пайдалуу жакка коротуп, чет жакка эс алгандардын саны көбөйөт. Бир жарым жылдан кийин товарлардын сапаты жакшырат. Сапатка болгон адамдардын талабы жогорулайт. Анткени алар бирөөнүн тоюна белекке эмес, өздөрүнө сатып ала башташат. Үч жылдан кийин акыркы жалган ырчы жок болот. Беш жылдан кийин ишкер аялдардын саны көбөйөт. Он жылдан кийин ажырашуулардын саны рекорддук төмөнкү белгилерге жетет. Эч ким мактануу ниетиндеги никеге барбай калат.

Видеонун автору Канат Шерипбеков

Abal.kg