Калктын ден-соолугуна кам көргөн өмүр сакчыларына таазим

“Кесип ээси менен ардактуу”  дегендей ар бир жумуштун түйшүгү, азабы ошону менен бирге жыргалы жана кубанычы болот эмеспи. Жумушу дайыма эл менен тыгыз байланышта болгон милиция кызматкерлерине түрдүү сын айтылат бирок, алардын тарткан түйшүктөрү көпчүлүк мезгилде көмүскөдө калып кетээри бышык. 

Кылымга тете тарыхы бар милиция кызматы калк башынан өткөргөн ар бир окуянын күбөсү жана түздөн-түз катышуучусу болуп келет. Түйшүктүү жана ардактуу кесип ээлери менен бирге өз милдеттерин аркалап келе жаткан биздин ак халатчан кызматкерлерибиз жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Качан кайдай кырдаал болбосун күндүн ысык суугуна карабастан тартип сакчыларынын ден-соолугуна кам көрүп, алар менен тең жарыша колдоруна бирде курал алып чуркаса, бирде кызматкерлердин ден-соолугуна кам көрүп кызматтарын аркалап келе жаткан айымдарыбыз ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун ак халатчан кызматкерлери милициянын улук прапорщиги Омурзакова Чынара жана милициянын улук прапорщиги Касымбекова Саламат ар дайым полктун кызматкерлеринин ден-соолугуна кам көрүүдө өздөрүнүн кесипкөйлүлүүгүн көрсөтүп ак кызматын аркалап талыкпай иштеп келет.

“Ден-соолук болсо баары болот” дегендей ооруп келген кызматкерлерди текшеришип ар бирине мээримдүүлүк мамиле жасап аларга кам көрүүдө өздөрүнүнүн кызматык милдеттерин жооптуу аткарып келет. Полктун кызматкерлеринин дени сак болуусуна кам көрүп ар кандай сабактарды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Кызматкерлердин дени сак болуусун көзөмөлдөн алардын жанында кызмат өтөгөн ак халатчандар. Ар бирибиз үчүн үмүттүн жана боорукердиктин символу болгон  өмүр сакчылары ырайымдуулук менен адамдардын ден-соолуугу үчүн күрөшүп келишет.

Ден-соолук – бул бакыт. Ал эми бул бакытты көп жылдар боюу сактап калууда ак халатчандарыбыздын салымдары зор. Бүгүнкү биздин ак халат кийген өмүр сакчыларыбыздын кесиптик майрамы менен чын  дилибизден куттуктап ден соолук, бакыт ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Адамдар сиздерден бир гана илдетинен айыгууну эмес, сабырдуулукту жылуу мамилени күтөт. Андыктан алдыңыздардагы ишиңиздерди аткарууда, жоопкерчилигиңиздерди сезип берген антыңыздарга бек туруп ак кызматыңыздарды ак ниетүүлүк менен аткарууну тилейбиз. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! 

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы