Жогорку сот Азимжан Аскаровго карата өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды.

Мындай чечимди Жогорку сот 13-майдагы отурумунда чыгарды.

Аскаровдун кассациялык арызы боюнча алгачкы отурум 25-февралда болгон.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар жана Кыргызстандагы Бейөкмөт уюмунун айрым өкүлдөрү  ишти кайра карап, аны  эркиндикке чыгарууга үндөп келет.

Abal.kg