Купальниктин үстүнөн баары көрүнгөн сактоочу костюм кийип ишке келген тулалык медсестра жеме укту

Россиянын Тула областынын клиникалык ооруканасынын инфекциялык госпиталынын медсестрасы, ичинде баары көрүнгөн сактоочу костюмду купальниктин үстүнөн жалаңкат кийип алып ишке келе берген. Бул туралуу «Тульские новости» басылмасы 19-майда маалымдаган.

Порталдын маалыматы боюнча сактоочу форманын ичинде ысык болгондуктан, кыз ичинен башка кийим кийген эмес.  Ошол эле учурда медсестра купальниги костюмдун ичинен көрүнүп тураарын элес албаган. Аймактын саламаттык сактоо министрлиги дарылоочу жайдын кызматкери медициналык кийим кийинүү талабын бузганын билдирди. Медсестра кызга министрлик  «эскертүү түрүндө дисциплинардык чара көргөн». Андан тышкаары оорукананын медперсоналы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Abal.kg