Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 бейтап кошулду. Нарында абал курч бойдон

Республикалык ыкчам штабда 31-майга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врачтын билдирүүсүнө караганда акыркы суткада 57 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын саны 1170 адамды түздү, деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 26 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары. Анын жарымы Нарын областынан.

Бүгүнкү күнү Нарында коронавирус жуктургандардын саны 400дөн ашыгыраак бейтабы бар Бишкектен кийинки экинчи орунда турат.

Эскерте кетсек Нарын областынын калкы Бишкектен төрт эсеге аз. А илдет жуктургандар 300дөн ашып, 400гө чамалаган.

Abal.kg