Бишкекте санитардык норманы аткарбаган кафе-барларга айыппул салынды (тизме)

Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган бир нече кафе, барларга айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык,  санитардык талаптарды аткарбаган Live Bar, кафе «Фрунзе», «Мира», «Ди-2», «Барскон», «Империя Пиццы», «Шашлычная № 1», чайхана «Белес», ресто-клуб «Тюбетейка»  жана антикино The Story жайларя болгон.

Бул тамактануучу жайлар 50 адамдан көп кардарды тейлешкен. Эч кандай санитардык норманы сактаган эмес.

Атайын текшерүүдөн кийин аталган тамактануучу жайлардын кожоюндары айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

2-июнга карата  тамактануучу жайларды текшерүүдөгү санитардык көзөмөлдөн улам 81 протокол түзүлүп  жалпы 363 миң сом айыппул салынды.

Abal.kg