Окуялар

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу кармалды (фото)

Курал-жарак жана ок дарыны мыйзамсыз айлантып жүргөн Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматта, 2020-жылдын 9-июнунда Октябрь районунун милициясына чала тааныш киши коркутуп 1000 долларын алып койгонун айтып арызданып, бир жаран кайрылган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Көп өтпөй криминалдык милициянын ыкчам тергөөчүлөрү иликтөө иштеринен кийин шектүү деген төрт кишини кармаган.

«Цапля деген каймана ат менен жүргөн 37 жана «Рина» деп аталган 46 жаштагы кишилер кармалды. Экөө тең ИИМдин каттоосунда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары каттоодо турат. Андан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 41 жаштагы дагы бир шектүү кармалды»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми 41 жаштагы бир киши куралы менен кармалган. Ага сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш ишинин 253-беренесинин негизинде ачылган.

«Автоунаасын текшерип жатканда кара түстөгү кол баштыктын ичинен бычак жана револьвер табылды. Анын үлгүсү белгисиз болуп чыкты жана беш огу бар экен. Шектүү Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат», — деп айтышты милициядан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button