Окуялар

Өрттө каза болгон жарандын өздүгү такталды

Жакында эле,  15-июнда Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишинен  өрт чыккан эле.  Өрт өчүргүчтөр келгенде ал жакта белгисиз жарандын күйгөн сөөгү табылып, анын өздүгү такталбай жаткан.

Бүгүн өрттөн каза болгон жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

«Кылмыш кодексинин 261-беренеси (‘Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу’) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери башталган. Сотко чейин тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон адам 25 жаштагы жигит экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБ «Шаурма на мангале» аттуу тез татымдын арендатору, 31 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизиленин кошумчалады.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө чыккан өрт беш саатта өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон тамактануучу жай жана удаа турган дарыкана күйүп кеткен.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button