“Достор абайлагыла, бул оору коркунучтуу экен” деп кайрылуу жасаган жигит каза болду (ВИДЕО)

Интернетке  бул оору абдан коркунучтуу экенин айтып, видео кайрылуу жасаган жигит ооруканада каза болду. Ал жигит Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин опер кызматкери болгонун кесиптештери кабарлашты.

Эскерте кетсек ал жигит борбордогу Улуттук госпиталда коронавирустан дарыланып жатып элге  кайрылуу жасаган. Ал болгону 37 гана жашта болгон.

Ал: Достор, абайлагыла. Бул абдан коркунучтуу оору экен. Этият болгула. Маска кийгиле, бул Улуттук госпиталда  ооруган адам толуп кетиптир.  “Тез жардам” көп келип атат, шаар өтө кооптуу” деп айткан.

Элакунов Бердибай Билдебаевич 1983-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын окуп бүтүргөн. Ал эми 2010-жылдын январь айынан баштап ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2019-жылы 29-майда Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болгон.