Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эне бала каза болду

Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 30-июнь күнү Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде болгон. Анда УАЗ автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Каргашадан бир аял, бир жаш бала көз жумуп, эки эркек киши жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жабыркагандар Тез жардам унаасы менен жакынкы ооруканага жеткирилген.