Аялынын мойнуна дөнгөлөк илип сабаган кишиге сот чечими чыкты

Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган зордукчу сот залынан бошотулду. Бул тууралуу “Справедливость” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Сузак райондук сотунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган кылмыш боюнча соттук отурум аяктады. Аялын сабаган зөөкүр болгону 2 жылга шарттуу түрдө кесилип, ал сот залынан бошотулган.

Эске салсак, социалдык тармактарда эркек аялды кыйнап, уруп жаткан видео тараган. Видеодо аялдын колдору байланганын, мойнуна дөңгөлөктөрү илингени көрүнүп турат. Эркек аны башынан аягына чейин суу куюп, бетине бир нече жолу урган.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени. Кийин соттун чечими менен ал 15 суткага камакка алынган.

Эскерте кетсек, жабыр тарткан аял күйөөсүн кечирип, аны коё берүүнү өтүнүп тосмо арыз жазган.