Баткенде коронавируска ишенбейм, деп ооруканадан качып чыккан бейтап эртеси каза болду
Коронавируска ишенбеген Баткен шаарынын тургуну, 56 жаштагы Б. Ш. аттуу бейтап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин пресс-кызматы маалымдады.
Алардын айтымында, бейтап Баткен облусттук бириккен ооруканасынан 6-июлдан 7-июлга караган түнү качып кеткен. Натыйжада 8-июлда көз жумду.
Маалыматка ылайык, маркумдун үйү карантинге алынган. Ооруканадан качып кеткенден кийин милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте үйүнө барышкан. Ал дарылануудан баш тарткан.
«Б.Ш. атту жаран облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмөнүн качып кеткен. Маркум 2-июлда Бишкектен келген жана анын анализинен коронавирус аныкталган. Ошол эле күнү ооруканага жаткырылган, ал эми 7-июль түнү өзгөчө абал режимин бузуп, илдеттен толук айыкпастан качып кеткен. Милиция менен медиктер анын үйүнө келишип, ооруканага кайтышын суранышкан. Бирок, жаран коронавируска ишенбейм, деп ооруканга кайтып баруудан баш таркан. Кечээ ал каза болуп калды», — деп берилет маалыматта.



