Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

«Өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары, фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат”, – деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барган учур да.

Аталган стационар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылат.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 9 күндүзгү стационардан тышкары борбор калаада жарандар зарыл болгон медициналык жардамды жана дарыгерлердин консультациясын ала турчу 2 түнкү стационар ачылып жатканын маалымдады.

Ал түнкү стационарлардын ишине чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин ичинен ыктыярчы-медиктер тартылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык персонал менен баарлашууда күнү-түнү бейтаптарга медициналык  жардам көрсөтүп жатышкан медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн чет өлкөлөрдөн келген мекендеш-медиктердин позициясын өзгөчө ыраазычылык менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерге практикалык жардам көрсөтүү үчүн Москвадан, Екатеринбургдан, Новосибирсктен жана  Орусиянын башка шаарларынан 80ден ашуун ыктыярчы-медик келди. Жакынкы мезгилде Новосибирск менен Түркиядан ыктыярчы-медиктердин тобу келери күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин айлык маянасын көбөйтүп жатканын, аларды өзгөчө камкордукка алаарын айтты.

Мамлекет медиктерге ар дайым кам көрөрүн жана мындан ары дагы аларды колдоого аларын баса белгиледи.

Медициналык кызматкерлер тиешелүү бардык төлөмдөр жана медициналык каражаттар менен өз маалында камсыз болоорун кошумчалады.

Кесиптик милдеттерин аткарууда ооруп калган дарыгерлерди Ысык-Көлдөгү дарылануучу жайларда реабилитациялоо маселеси каралып жатат.

Президент белгилегендей, илдет менен күрөшүүдө медиктерди өзгөчө камкордукка алган ыктыярчылар колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат. Алардын активдүү жарандук позициясы менен стационарлар ачылып жатат.

«Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын эмгеги баа жеткис. Мындай уул-кыздарыбыз турганда илдетти жеңерибизге бекем ишенем. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дейт элибизде. Калк башына түйшүк түшкөндө ынтымакташа кол сунган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Элдин күчү биримдикте, ынтымакта жана тартипте экенин кошумчалады.

“Эгерде ар бир жаран коюлган талаптарды аткарса, анда биз жеңебиз. Көп нерсе жоопкерчилик жана тартиптен көз каранды», – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков жана медициналык персоналга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалады.