Коом
Бишкекке 5 жарым тоннага чукул зарыл дары-дармектер самолет менен алып келинди
Беларуссиядан Бишкекке дары-дармектер алынып келинди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бир аз мурдараак, өкмөттүн пресс-кызматы Белоруссиядан Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы 5,4 тонна дары-дармектер алынып келет, деп маалымдаган болчу. Бул жүктү КР премьер-министри Кубатбек Боронов Евразия экономикалык союзунун кезектеги Өкмөтаралык жыйынына катышуу үчүн учуп барган самолетко жүктөшкөн.
«Ушундай жол менен КР өкмөтү атамекендик фармацевтикалык компанияларга дары-дармекти ташып жеткирүү жагынан көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер эл сатып ала ала турган баада берилет», — деп белгилешти өкмөттө.



