Коом

Ыктыярчылар президентке COVID-19 боюнча маселелерди жашырбай ачык айта алышабы?

21-июль күнү «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолугушат. Жолугушууда Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык -айкын айтып беришет.

Сооронбай Жээнбеков менен боло турган жолугушууга чакырылгандардын катарында Нуриля Чолпонбаева, Урмат Насыкулов, Эркин Рыскулбеков жана башкалар бар. Жалпычынан 15 ыктыярчы чакырылган.

Президенттин пресс-кызматы билдиргендей, ыктыярчы кыймылынын активисттеринин саны өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чектелген.

Ыктыярчылардын айтымдарына караганда, жолугушуу учурундагы талкууда темалар жана суроолор боюнча эч кандай чектөөлөр болгон жок. Алар Сооронбай Жээнбековго элди сактап калуу үчүн белгилүү иш-аракеттерди көрүүнү, көрсөтүлгөн жардамдар жана кемчиликтер жөнүндө айтып берүүнү ниет кылышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button