Саясат

Жээнбеков: Кыргызстан — экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүнүн өлкөсү, биз бул брендди өнүктүрөбүз

«Кыргызстан — экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүнүн өлкөсү, биз мындан ары дагы бул брендди өнүктүрөбүз. Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо күчөтүлөт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас районунун Көк-Кашат айылындагы дыйкан чарбасына барган учурунда.

Чарба жетекчиси Данияр Султаналиев жалпы 8 гектар аянтка алманын 10 сорту, алмурут ошондой эле чие, өрүк, кара өрүк өстүрүлөрүн айтып берди.

Өнүмдөрдү сактоо үчүн 150 тонналык салкын кармоочу заманбап имарат бар. Жылына 60-80 тоннадан ашык алма менен алмурут Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот. Чарбанын жылдык кирешеси 4 млн сомдой болот.

Ошону менен бирге чарба жылына 30 миңдей көчөт өстүрүп сатат жана башка чарбалардын өнүмдөрүн сактоого кызмат көрсөтөт.

Мындан сырткары, чарба башчысы Данияр Султаналиев жергиликтүү фермерлерге алма, алмурутту өстүрүү, өндүрүү, сатуу жана сактоо боюнча бекер кеп-кеңештерди берет. Ал айыл жериндеги ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жеңилдетилген насыя алуу менен өзүнүн ишкерлигин кеңейтүүгө жетишкенин белгиледи. Ошондой эле фермер логистикалык борборун кеңейтүү үчүн колдоого муктаж болуп жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жемиш бакчасын көрүп чыгып, фермердик чарбадагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы ага аймакты, айыл чарбасын жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, өлкө экономикасы жаралган кыйынчылыктарды тез арада ашып өтүүсү жана кризистен кийин калыбына келиши үчүн иштерин улантышы керектигин белгиледи.

Ал аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде жер-жерлердеги ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу токтотулбастыгына ишендирди.

Президент өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүүгө жакшы таасир болушу үчүн аймактарда жергиликтүү бийлик ишкерлер менен тыгыз иштешип, аларды ар тараптан колдоосу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Өлкөнүн каржы институттарынын насыя портфелинин чоң бөлүгү айыл чарба ишканаларын колдоо үчүн аймактарга багытталарын эске салып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликти жергиликтүү фермерлерге көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button