Маданият

(Видео) Анжелика: Бар дарыларды бекитип алып, жок деген доктурлардын куйругун бастым

Бүгүн, Алыкул акын айткандай «сур булут» Ала-Тоонун башында айланып турган чакта, аң-сезимдүү кыргыз жаштарынын чоң тобу элине белсенип кызмат кылуу жолуна түшүштү. Ыктыярчыларга айланышып, ноокастаган ар бир жаранга жардам берүү, өмүрүн сактап калуу менен алектенип жатышат. Ошолордун бири бала чагынан кыргызга таанылган ырчы Анжелика.

Анжелика ушундай оор учурда, эл башына күн түшүп турганда, команда түзүп алып, кара жанын карч уруп, кыргызга опол тоодой кызмат кылууда. Бирок, анын жасап жаткан соопчулук иштерине бут тоскондор да бар экенин айтат. Алар ушул оор күндөрү элдин өмүрүнөн, ден соолугунан пайда таап, акча жасагысы келген, демек калкына кыянатчылык кылган дары-дармек тармагын тейлеген айрым доктурлар экенин жан кейүү менен, атайын видеого тартып, интернетке чыгарды.

https://youtu.be/2c5d1B_KjKo?t=344

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button