Коом

Россиядан дагы жардам келди: эң зарыл аппараттар, жабдыктар жана дарылар

Бүгүн «Манас» эларалык аэропортунда  Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту гуманитардык жардам алып келип конду.  

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча республикадагы санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ошондой эле инфекциянын өтө тез жайылып жаткандыгынан улам, Россия Федерациясы илдетке каршы күрөшүүдө өлчөөсүз жардам берип жатат.

Гуманитардык жүк медициналык жабдыктардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуучу каражаттарынан турат: 5 рентгенографиялык  аппарат; оксометрикалык датчиги менен анестезиология  жана интенсивдүү терапия үчүн  65 монитор; оксометрикалык датчиги жок анестезиология  жана интенсивдүү терапия үчүн  5 монитор; өпкөнү жасалма желдетүүчү 31 аппарат; 100 миң медициналык беткап, ошондой эле медициналык  дармектер — натрий эноксапарини (49350 даана) жана олокизумаб (550 даана).

Буга чейин да Россия Кыргызстанга өтө чоң суммага жардам көрсөткөн. Эскерте кетсек, Кыргызстандын  медициналык мекемелерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн Россиядан врачтардын жана медиктердин чоң тобу келген

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button