Коом

Кыргыздын эч нерсени жактырбаган карамүртөздүгү Анжеликанын жүрөгүн оорутту

«Акырын бассаң-аксак, катуу бассаң-таскак», деген кыргыздын эч нерсени жактырбаган карамүртөздүгү Анжеликанын жүрөгүн оорутуп жатыптыр:

“Карантин-март, апрель, май,июнь. Пандемия- июль…СТОП! Токто! Болду!
Ынтымактуу, мээримдүү, сабырдуу болобуз! Биз канчалык бири- бирибизди жемелей берсек, ошончо кыйналып жашайбыз. Кудай берүүчү, жакшы сөз айтып, бирөөгө зыян кылбаган пендесин сүйөт! Эмне болуп жатабыз? Сөзсүз адамды өлгөндө эле мактайбызбы? “И-и-и жакшы болчу” деп? Деги, пайдалуу бололу бири-бирибизге!.. Кармагыла өзүнөрдү! Жасабаса “жаман, тур, жаса дейсиңер!” Жасаса “жасалма, калп эле, тажаттың!”-дейсиңер!

Башка баракчалардагы комментарийлерге баш багып, жакамды эмес, жүрөгүм кармап жатам! Эмнеге мыкаачы болот кээ бирлер? Вирус жуктурбай эле, уу сөздөрдөн жүрөк жарылмай болду го.
Кайрымдуулукту сегиз жылдан ашуун жасап келем, улантам! Буюрса, өмүрүм канча болсо ошончо!
Болгону, элим аман болсунчу!”,- деди, ырчы кейиштүү тон менен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button