Дүйнө

(Видео) Эски дивандын сыры. Жаңы ээсинин акылга сыйбас жоругу

Говард Кирби деген киши өмүр боюу өтө үнөмчүл жашаган адам. Ошондуктан жаңы диван сатып алыш үчүн дүкөнгө эмес, эски-уску оокаттарды саткан базарга барат. Аяктан анча эскире элек, сөөгү али мыкты диван сатып алат. Бул тууралуу Trendymen.ru жазып чыккан.

Кирби эмерегин үйүнө алып келип, жатайын десе, диван өтө ыңгайсыз болуп чыгат. Бир нече жума ооналактап уктай албай эси эки болот.

Күндөрдүн биринде Кирби ыңгайсыз диванды карап көрмөкчү болот. Ал түгүл атасыныкына конокко келген кызы Мередитке да даттанат. Кызы дивандын жаздыктарын жана кычык-кучуктарын  текшерип көрөйүнчү дейт.

Говард Кирби

“Мередит капысынан дивандын ичинен пачкалаган акчаларды алып чыга баштаганда, мен дагы эле уктап атам го деп ойлогом”, — дейт Говард журналисттерге.

Говарддын көргөнү түш эмес эле чын болуп чыккан. Дивандан  40 миңден ашык доллар табылган.

Кирби бөтөн бирөөнүн акчасын алып алган туура эмес  деп  эсептеп, комиссиялоочу дүкөн аркылуу дивандын ээсин таап, ага табылган акчаны бүт кайтарып берген.  
Көрсө, диван ага чоң атасынан мураска калган экен. Ал анда мынча акча катылганын билбептир дагы. Албетте, капысынан келген байлыкка дивандын мурдагы ээси аябай кубанган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button