Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө турат.
Триатлон паркынын жээгиндеги Есил дайранын табигый эмес жашыл түсү, борбор калаанын тургундарынын үрөйүн учурду, деп билдирди zakon.kz.
“Бул жөн эле көрүнүш. Нур-Султандын так борборунда Есилдин абалы ушул…” – деп айтылат Instagram пабликтеринин биринде.

Есил дайранын табигый эмес жашыл түсү “суунун гүлдөшүнөн” улам болушу мүмкүн, – деп билдирди Экология министрлигинин пресс-катчысы Самал Ибраева.
Суунун гүлдөшү – фитопланктондун өсүшүнө байланышкан. Суудагы өсүмдүктөрдүн тез көбөйүшүнөн улам пайда болот. Мындай куубулуш ичиле турган сууда жана шорлуу (туздуу) деңиз суусунда да байкалат. Бирок, негизинен токтоп калган сууларда кездешет (көлмөлөрдө, бассейиндерде, көлдөрдө).
Суунун ачык-жашыл болуп гүлдөшү көгүш-жашыл суу өсүмдүктөрүнүн көбөйүшүнүн натыйжасы болуп саналат.
Гүлдөөнүн дагы бир себеби планктонго тиешеси жок сууда өскөн чоң өсүмдүктөргө да байланыштуу болушу мүмкүн. Бул маселе экология департаментинин көзөмөлүндө турат.
Суудан алынган анализдин тыянагын кийинчерээк билдиребиз, -дешкен мекмеде.