Кызыктар

Кыргызстанда мейкатон иш-чарасы старт алды

Кыргызстанда 24-августан баштап 10-сентябрга чейин мейкатон иш-чарасы өтөт

Мейкатон – бул жаштардын биргеликте креативдүү ой жугүгүртүү менен социалдык маселелерди инновациялык жол менен чечүүгө аракет кылган иш чара.

Бул иш чараны Демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында USAID Kyrgyz Republic жана MSDSPKG колдоосу менен Борбордук Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы өткөрүп жатат .

Иш-чарада, региондордогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идеяларды таап, маселелерди чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышат.
Иш-чарага Нарын облусунан Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунун Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум айылдарынын жаштары катышат.

Мейкатон 14 күн боюн онлайн форматында өтөт, аны баардык каалочулар ideaca.today сайтына кирип онлайн көрө алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button