ВИДЕО. Нурлан Насип: Асель жакында видео-кайрылуу жасап, ыраазычылыгын өзү айтат

941

Белгилүү эстрада ырчысы Нурлан Насип жубайы Асель Кадырбекованын абалы тууралуу Инстаграмм баракчасына айтып берди.

Нурлан мырзанын айтымында Асель айымдын ден соолугу оңолуп келе жатат: “Аселянын кырсыктаганына эки айдын жүзү болду. Ошондон бери тааныштар, кесиптештер, достор  кыжаалат болуп сурап жатышат. Аселя азыр күндөн-күнгө жакшы болуп келе жатат,  жакшы жылыштар бар. Бирок дагы өзүнө келишине убакыт бар. Кызы менен ойноп, биз менен сүйлөшүп бизди абдан кубандырып жатат. Аллах-Таалама чексиз шүгүрчүлүктөрдү билгизем жана ошондой эле  себепчи болгон жалпы дарыгерлерге, өзгөчө Сабырбек Жумабековго ыраазычылык билдирем. Бүтүндөй кыргыз элиме ыраазымын. Намаз окусам да Аселдин ден-соолугу жакшы болуп кетсин деп кыжаалат болгон кыргыз элиме, сиздердин дубаларыңызга ыраазымын! Мындан  ары жакшы күндөр болсун, сиздердин жакшылыгыңыздарга Асель экөөбүз жетелешип, жакшынакай чыгармачылыгыбызды тартуулайлы! Кыжаалат болбоңуздар, жакшы болуп келе жатат! Асель жакынкы күндөрү жакшы болгондо сиздерге видео кайрылуу менен ыраазычылыгын билдирет!”- деп жазды.