Максим Галкиндин жубайын камсыздоого айына 10 миллион рублга жакын акчасы кетет

Шоумен Максим Галкиндин жубайы, атактуу ырчы Алла Пугачеваны камсыздоого айына 10 миллион рублга жакын акчасы кетет. Бул тууралуу РИА Новости продюсер Андрей Разинге шилтеме кылып жазган.

“Эгерде Примадонна Галкиндин акчасы жок экендигин билсе, аны кууп чыгат же азыр жашап турган Грязь аймагынан өзү көчүп кетип калат. Мен аны көп жылдан бери билем, бай турмушка көнгөн, мүнөзү оор аял”, — деген Разин.

Анын айтымына караганда, Пугачева иштегенди каалабайт, анын ордуна неберелери, балдары менен алек болгонду жакшы көрөт. Учурда Галкинге киреше мурдагыдай түшпөй калган, демек, акча жагынан кыйналып жаткан учуру. Буга коронавирус пандемиясы өзүнүн таасирин тийгизди. Анын үстүнө аялынын чыгымдары да кошул-ташыл болууда.