Пайдалуу кеңештер

Күзүндө коронавируска каршы иммунитетти чыңдоочу жер-жемиш, чөп-чарлар айтылды

Күз айларында иммунитетти чыңдоо үчүн помидор, жер-жемиш, чеснок жана ашкабакты пайдаланыш керек. Бул тууралуу, «Говорит Москва» радиостанциясына Россияда диетолог болуп иштеген Анна Белоусова айтып берген, деп маалымдады  “Ореанда-новости” маалымат агенттиги.
Эксперттин айтымына караганда, август айында (Кыргызстанда – сентябрда – ред.) бул азык-түлүктөр, жер-жемиштер, чөп-чарларды (чеснок, пияз) өтө көп санда жеш керек. Себеби, буларда C витамини абдан көп санда болот. Мисалы, ашкабакта С витамини аябагандай көп.

“Чеснок, — дейт адис, универсалдуу антибиотик деп аталат. Аны пияз сыяктуу эле күн сайын жеп туруш керек”.
“Помидордо, — дейт Анна Белоусова,  — антиоксиданттар көп өлчөмдө, арасында организмди рак менен менен вирустан сактоочулары да бар”.
Диетолог, ошондой эле антиоксиданттарга клюква, черника жана брусника да бай экенин айтты. Врач бул жемиштерди табигый түрдө жеш керек, же тоңдуруп коюп пайдаланыш керек, деп рекомендация берди. Буларга кант кошуп варенье жасаштын кажети жок дейт. Анткени, кант кошулганда булардын витаминдери 40%, кайнатылганда (варенье) 60-80 процентке жоголот деди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button