Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук Телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Биринчи радиодо «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусунун кезектеги чыгарылышы. Биз адаттагыдай эле Мамлекет башчысынан бир нече суроолорубузга жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурабыз. Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, бул жолку маегибиз Эгемендүүлүк майрамын утурлай чыгууда. Майрамыңыз менен!

— Рахмат. Сизди, баардык мекендештеримди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктайм.

Ар бир кыргызстандыкка, ар бир үй-бүлөгө көптөгөн жакшылыктарды каалайм.

— Мамлекеттүүлүк, тарыхыбыз үчүн мааниси зор майрамдын астында өлкө башчысы катары эмне жөнүндө көбүрөөк ойлонуп, келечекке кандай саресеп салып жатасыз?

Элибиз менен кошо бийлик башындагылар Эгемендиктин баасы менен баркын толук түшүнүп, биле алдыкпы?

Келечекте 15-20 жылдан кийинки Кыргызстанды кандай элестетесиз? Сиз мамлекетти башкарып турганда, азыркы кезде башталган иштердин жыйынтыгы чыгып калса керек?

— Азыр мен мамлекет башчысы катары мамлекетибизди өнүктүрүүгө ыйгарым укугумдун алкагында болгон аракетимди жасап жатам.

Буйруса, Кудайдын колдоосу менен Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкө болот деп терең ишенем.

Туура айтасыз, эгемендиктин баасы менен баркын түшүнүп, баалай билүү үчүн жылдар керек экен.

Эгемендикке ээ болгон бул жылдары мамлекетибиз көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү.

Ошону менен бирге көп жеңиштер, жакшылыктар болду.

Элибиз жамандыкта биригип, жакшылыктарда чогуу кубанды.

Мына, кечээ жакында азыркы Covid-19 илдети менен күрөш күчөп турган кезде да, биздин кадырман элибиз биримдигин көрсөттү.

Бул илдет да биздин кандай эл экендигибизди, мамлекет экендигибизди сынады.

Мындай сыноолор аз болгон жок.

Биздин мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемен өлкө экендигибизди сынаган оор мезгил 2010-жылга туш болду.

Алгач апрель окуясы, андан кийин коогалаңдуу июнь окуясы болгонун баарыбыз унутпайбыз. Ал эстен чыкпайт.

Айрыкча июндагы Ош коогалаң окуясы — бул мамлекетибиздин тарыхында оор мезгил, оор күндөр катары кара тамга менен жазылып калды.

Мына ошол окуялар тынчтыктын, биримдиктин баасын билгизди. Эгемендиктин баасын сездирди. Мамлекеттүүлүк деген эмне экендигин эске салды.

Сиз айткандай эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду.

Андан сабак алдыкпы, жокпу, бул да туура коюлган маселе.

Бул окуялардын маанисин биз азыркы муунга гана эмес, келечектеги муунга да сиңирип, жеткиришибиз керек. Бул окуялар бир гана мен үчүн эмес, кийинки мамлекет башчыларына, жалпы саясатчыларга сабак болушу керек.

Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык, бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар, жеке же саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши зарыл.

Бул жакындап калган парламенттик шайлоонун алдында да актуалдуу болууда.

Саясатта чеберчилигин көрсөтөм деп, коомду, керек болсо мамлекетти түйшүккө салбоо керек деп айтат элем.

Бул ар бир саясатчымын деген адам үчүн эң негизги эреже болуп калса, мына ошондо жаңы саясий маданият калыптанды дейбиз.

Президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыттар — аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, улуттун саламаттыгына түздөн-түз таасир эткен калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны жакшыртуу экендигин буга чейин айткам.

Мекендештерим муну жакшы билишет. Колдоп жатышат, мен буга ыраазымын.

Өзгөчө элет жериндеги жолугушууларда мына ушул багыттар, утурумудук эмес, сиз айткандай 15-20 жылдан кийин да элибиздин турмушуна оң таасир берчү келечектүү, улуттук долбоорлор экенине ынанып жатам.

Элибиз дагы мына ушуну колдоп жатат. Булар эми көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселе.

Мен дагы элге жолукканда айтып жатам, бул багыттар боюнча иштер токтобойт, күчөйт деп. Президенттикке койгондо дагы программам, убадам ушул болчу.

Элибиз да колдоп жатат, өздөрү дагы жер-жерлерде ушул маселелер боюнча жардам берип башташты.

Ар бир жаран өз коопсуздугу бекем корголгон, сапаттуу медицина, сапаттуу билим берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыздалган өлкөдө жашагысы келет. Балдарынын ушундай өлкөдө жашоосун самайт.

Азыркы кылып жаткан иш-аракетибиздин бардыгы жарандарыбыздын мына ушул тилегин ишке ашырууга багытталган.

Бул менин ишимдин маңызы.

Ошондуктан, мен, албетте, азыркы Президент катары да, жаран катары да Кыргызстанды мына ушундай бакубат өлкө болот деп ишенем. Президент катары болгон аракетимди, мүмкүнчүлүгүмдү, күн-түн дебей, талыкпай ушуга жумшап жатам.

— Президенттик кызматка киришкенден бери аймактарды өнүктүрүүгө абдан чоң маани берип келесиз. Жакында эле өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында болуп, маселелерди жеринде көрүп келдиңиз. Сиздин «Элет өнүксө, мамлекет өнүгөт» деген сөзүңүз бар. Президенттик мөөнөтүңүз бүткөнчө аймактарды жетишээрлик өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

— Аймактарды өнүктүрүү үчүн атайын программа болгон эмес. Алардын кызыкчылыгы, өнүгүшү эске алынган эмес, муну ачык айтыш керек.

Аймак өнүгүш үчүн, биринчи каражат маселесин чечиш керек. Ал жерлерде өнүгүп жаткан бизнес жеңилдиктерге муктаж.

Аймактарды өнүктүрүүдө эң негизги жетишкендик — биз өлкөдөгү каражатты элетке бура алдык.

Сөзүм куру болбошу үчүн айтып кетейин, акыркы 2 жыл 7 айдын жыйынтыгы менен 68,8 млрд сомдон ашык каражатты кредит жана кепилдик катары бере алдык. Бул жакшы көрсөткүч.

Бул каражаттардын 68%, же болбосо 46,8 млрд сому аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө жумшалды.

Банктар, Кепилдик фондубуз, фонддор — Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, сырттан келген каржы институттарынын баарын тең аймактарга бурдук. Азыр алар аймактарга иштей башташты.

Менин кубанганым, аймактагылар мурдагыдай келип, издеп, эшиктерин такылдатып турбайт — биз ушуга жетиштик. Мен өзүм да көзөмөлдөп жатам. Азыр ошол банктар, фонддор, сырттан келген донорлор аймактарга барып, «долбоорлор барбы, иштей тургандар барбы, мына ушуларга акча берели» дегенге жетиштик. Ушуну менен эле баары бүтүп кетти деп айтпайм, дагы маселелер, кемчиликтер бар. Аларды бара-бара оңдойбуз.

Мына жыл сайын берилген кредиттер өсүп жатат. Буюрса, мындан да көбөйөт. Азыр бул кредиттерди айрыкча, чакан жана орто бизнеске, ишкерлерге көбөйтүп берүү боюнча иштеп жатабыз. Ушундай каражаттарды бургандан кийин айылдагы ишкерлик кылган адамдардын, ишкерлердин саны дагы өсө баштайт.

Дагы айтып кетейин, региондордо иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын саны 2017-жылы 3727 болсо, 2018-жылы — 4051 түздү. Бүгүнкү күндө алардын саны 4421ге жетти.

Эмне үчүн аймактарга көңүл буруп жатам?

Анткени аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган потенциал абдан чоң. Мүмкүнчүлүк абдан чоң.

Ошол эле мезгилде ички-тышкы миграция ошол алыскы бийик тоолуу аймактардан, айылдардан кетип жатпайбы.

Мына ушуга чейин жетип калганбыз, кээде айылдардагы иштерди жасай турган жаштар калбай калган.

Кудай буйруса, аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында сыртка кеткендерди алып келебиз деп айта албайм, бирок кийинки муунга жумуш орундарын түзүп, кармап калууга мүмкүнчүлүк беребиз.

Ал үчүн Аймактарды өнүктүрүү программасын кабыл алганбыз. Ага ылайык, 20 шаарды алып, Бишкек, Ош шаарындай шарт түзүп, ал 20 шаардын тегерегинде элди кармап калуу.

Ошол жерде социалдык жактан кызмат көрсөтүү — медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражатты ошол жактарга бөлүп, элдин жашоосуна шарт түзүү.

Жетишкендигибиз — ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды.

Ошол жерлерде — 20 шаардын тегерегинде, облус борборлорунда, чоң шаарларда, өнөржай ишканаларын көбөйтөбүз. Бизнес барып, жумушчу орундары түзүлө баштайт.

Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз.

Кыскасын айтканда, мен ушундай тапшырма койдум, бир эле айылда өндүрүлгөн сүт, эт, тери, жүн же айыл чарбасынан, дыйканчылыктан өндүрүлгөн азык-түлүк эле эмес, ал жакта өндүрүлгөн кумду кайра иштетеби, ташты иштетеби, туризмге шарт тузөбү, мейманкана салабы — ким аймактарда ишкана ачам, жумушчу орун түзөм десе, ошолорго каражаттарды беребиз.

»Кепилдик фонд» дагы уставдык фондун көбөйттү.

Ал дагы аймактардагы ишкерлерге, күрөөгө койгонго негизги каражаттары жетпегендерге каражат бере баштайт.

Экинчи жетишкендигибиз, биз салык боюнча дагы абдан көп жеңилдиктерди бердик. 5 жылга чейин аймактарда жаңы ачылган ишканаларга салык салынбайт.

Сырттан келген жабдууларга, логистикалык борборлорго, трактор-машина парктарына, кооперативдерге 4 салык алынып салынды. КНСтин 80%ы алынып салынды. Азыркы салыктагы берилип жаткан жеңилдиктер, каражаттар, ишкерге түзүлгөн шарттар, буйруса, аймактарды өнүктүрөт. Сырткы-ички миграция да токтой баштайт.

Бир мисал айта кетсем, уйу бар ар бир үйдөн сүт сатылып алынышы керек, сүт алынбай калбашы керек деп айтып жатам.

29 жыл болду, эгемен өлкө болгондугубузга. Ошол эле Нарын облусунда кайра иштетүү деп айтабыз, бирок ишканалар курулган жок да.

Азыр каражаттарды бөлүп атабыз. Ал жакта туризмди дагы, кайра иштетүү өнөр жайын дагы өнүктүрөбүз. Мен өзүм барып көрүп келдим. Сүт алуу боюнча Нарын облусунда, буйруса, бардык өндүрүлгөн сүт элден сатылып алынат. Биз келечекте ошого жетишебиз.

Бул селекцияга, айыл чарбага да жакшы.

Ошондой эле биз жүн, тери, этти элден сатып алып, кайра иштетүүгө жетишишибиз керек. Биздин дыйкандар, фермерлер базарга барам деп мүшөк менен жүрбөш керек, мал сатам деп жүрбөшү керек. Алар онлайн түрүндө үйүндө отуруп сата турган, баарын үйүнөн алып кете тургандай шарт түзүшүбүз керек.

Менин максатым — президенттик мөөнөтүм бүткөнгө чейин ушуну ишке ашыруу.

Башында оор болду, көбү түшүнгөн жок. Азыр көзөмөлдөнүп, системага тушүп жатат. Буйруса, 3 жылдан кийин жыйынтык бере баштайт. Мунун баары тең балдарыбыз үчүн, келечектин иши.

— Аймактарды өнүктүрүүдөн тышкары дагы кайсы багыттарды президенттик ишиңиздеги артыкчылыктуу багыттар, максаттарыңыз деп атаар элеңиз?

— Өлкөнү санариптештирүү саясаты да аймактарды өнүктүрүү саясаты менен бир ыргакта жүрүүдө.

Бул дагы чоң, биздин негизги багыттардын бири. Мен муну Премьер-министр болгондо баштап, Президент болгондон кийин күчөттүм. Бул дагы өзүнүн жемишин берет.

Бул биздин элибизге эмне берет, кандай жакшы жактары болот?

Биздин максат, биринчиден, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге коррупцияны кыскартуу.

Коррупционерлер чыгып жатат, камап жатабыз, артынан түшүп жатабыз.

Мисалы, темир жол боюнча жаңы киши ишенип коюлган. Барып эле схема түзүптүр, азыр 10го жакын киши түрмөдө отурат.

Муну мисал катары айтып жатам.

Биз коррупционерлердин, уурулардын баарын камап, түгөтө албайбыз.

Мына ушул өлкөнү санариптештирүү — коррупцияны кыскартуунун, алдын алуунун негизги куралы.

Ошондуктан, санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатам.

Өзгөчө, калкка кызмат көрсөткөн тармактарда, саламаттыкты сактоо, бажы тармагында, салык тармагында, социалдык коргоо тармагында — элибизге кызмат көрсөткөн бүт эле тармактарда санариптештирүүнү киргизүү — бул биздин мамлекетти өнүктүрүүнүн эң негизги жолдорунун бири.

Мындай жолду мамлекеттердин баары эле өтүштү, санарип боюнча астыга кетишти, биз артта калдык.

Бирок, Кудайга шүгүр, акыркы 3 жылда биз абдан чоң жетишкендиктерге жеттик. Буйруса, биз Орто Азиядагы санарип боюнча эң алдынкы өлкө болушубуз керек деп максат коюп жатам.

Биздин «Түндүк» электрондук системаны билесиздер, 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда түзгөм. Адистерди Эстонияга жөнөтүп, алардын тажрыйбасын көрүп, баштаганбыз.

Мына ошол системабыз боюнча биздин тажрыйба да башкалардын көңүлүн бура баштады. Бул дагы жакшы жетишкендик.

Санариптештирүү тармагында биздин жакшы, мыкты балдар-кыздарыбыз бар. Аларга керектүү шарт түзүп берсек, алар алдыга алып чыгышат. Биз шартты түзүп бердик, каражатын бердик. Жыйынтык болот.

Билесиз, мен президенттикке талапкер болуп турганда, кийин дагы айтып жаттым, негизги убадаларымдын бири — коррупцияга каршы күрөшүү.

Күрөшүп жатабыз.

Бирок, «уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей, кадрларды алмаштырсаң деле, мен темир жолду мисал кылгандай, схема түзүп, кирип кетип жатышат. Ошонун баарын тең санарип жоет.

Бул экономиканы дагы өнүктүрөт жана коррупцияны жоет.

Мындан тышкары, 2020-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөш жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Коопсуздук кеңешине тапшырма берилген.

Буйруса, ал иштелип чыкты. Бул документ жакында, сентябрь ай ичинде Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат. Бул стратегия дагы коррупцияга каршы күрөш жана анын себептерин жоюу боюнча абдан жакшы курал болот.

Ал жыйында акыркы эки жылдагы коррупция менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгын карайлы деп турабыз. Карап, ага баа беребиз жана келечек пландарды дагы аныктайбыз.

Белгилей кетейин, коррупция менен күрөштө чоң же майда коррупционер деп белгилеген болбойт. Муну айтканымдын себеби кээде коомдо, массалык маалымат каражаттарында талкуулар болуп калып жатат.

Бардыгы ошол майда-бараттан башталат.

Майдасын-чоңун чогуу кармасак, анан бардыгы жоюлат.

Менимче, мамлекеттин, элдин байлыгын уурдагандарды чоң, кичине деп бөлбөшүбүз керек. Баарын тең биз ууру деп баалашыбыз керек, чоңун да, кичинекейин да. Ууруга уурудай мамиле кылыш керек.

Коррупцияга каршы күрөш токтобойт, уланат, бул дагы күчөйт.

Дагы бир багыт — бул сот-укуктук реформаны баштаганбыз, билесиздер. Бул абдан татаал реформа, баштаганда көбү каршы чыккан.

»Бул реформа башталса кыйналып калабыз, укук коргоо органдары колдон чыгып кетет, мамлекетте тартип болбой калат» деп айтышкан. Бирок мен буга болбой, катуу тургам.

Бул реформаны биз оор болсо дагы, кыйын болсо дагы, татаал болсо дагы баштадык.

Буга чейин да айткам, дагы айтам. Каражат, менин президенттик саясий эрким бар, бирок муну менен эле реформа алдыга жылып кетпейт экен. Муну турмуш өзү көрсөттү. Реформанын ийгилиги ар бир соттун абийирине, укук коргоо жетекчилерине, ошол иштеп жаткан кызматкерлерине, айрыкча сот системасындагы иштеп жаткан соттордун абийирине терең байланыштуу.

Адилет сот системасы болбосо билесиз, өлкө өнүкпөйт. Муну баарыбыз билебиз. Ошондуктан бул реформаны канча кыйын болсо дагы улантабыз, токтотпойбуз.

Сентябрь айында сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Кандай жетишкендиктер болду, кандай кемчиликтер болду, жыйынтык чыгарабыз. Талаптар катуу болот жана муну токтотпойбуз.

Ар бир адам өз үйүм, өлөң төшөгүм болсо дейт. Өз үйүндө жашагысы келет.

Жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу менин президенттикке аттанып жатканымдагы дагы бир негизги убадаларымдын бири.

Бул боюнча сезилерлик жылыштар бар. 14% менен башталган ипотека азыр 6% үстөк менен берилүүдө, пайыздык үстөгү түштү.

Пандемия шартында каражат тартыштыгы жаралып, бул долбоор бир аз жайлап калды, бирок бул дагы менин өзгөчө көзөмөлүмдө.

Азыр бизде бюджетте иштеген кызматкерлер гана эмес, кайсы жаран кааласа, турак жайга муктаждыгы болсо, мамлекеттик ипотека кызматынан пайдаланат. Биз ушуга жетиштик.

Мына азыр экономика өз нугуна келе баштады. Экономика нукка түшкөндөн кийин салыктар да көбөйө баштайт. Ипотекага каражатты дагы көбөйтөбүз. Бул көзөмөлдө болот.

— Сооронбай Шарипович, пандемия шартында парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул, албетте, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Бир нече күндөн кийин үгүт иштери башталат. Шайлоо эл аралык практикадан алганда да, Кыргызстандын тарыхынан алганда ар кыл саясий күчтөрдүн тирешүүсү менен өтөт. Ал кээде мамлекеттин же жөнөкөй жарандардын коопсуздугун эске ала бербеген процесс болуп калууда, тилекке каршы. Ушул өңүттөн алып караганда, Сизде кандай ойлор бар? Анткени, шайлоолордун тынч өтүшү биринчи кезекте Президентке артылган сыноо жана жүк эмеспи.

— Туура айтасыз. Бул шайлоо өтүшү керекпи же жокпу деп саясий чөйрөдө абдан катуу талкуу болду.

Сиз айткандай, саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн шайлоо болушу керек деп чечим кабыл алганбыз.

Азыр шайлоо өткөрүү боюнча бул процесстер өлкөдө жүрүп жатат. Негизги максатыбыз — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп, эң негизгиси элибиздин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу.

Туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы, аткаруу бийлиги болушу керек. Ал иштеши керек.

Кандай иштейт, ал башка маселе, өзүнчө талкуулай турган тема.

Бирок, мамлекеттин өнүгүүсү, алдыга жылуусу, элибиздин күнүмдүк социалдык, экономикалык талаптарын аткаруубуз үчүн бардык бийлик бутактары туруктуу иштеши керек.

Бул мамлекеттин туруктуулугу жана келечеги.

Азыр өлкө шайлоо процессинин активдүү фазасына кирди десек болот.

Демек, шайлоого катышам деген саясатчыларыбыздын да жоопкерчилиги артты.

Мына ушуну саясатчыларыбыз эстен чыгарбай, жоопкерчилигин терең түшүнсө деген ойду айткым келет.

Туура, менден — Президенттен, коомчулук, жарандарыбыз, элибиз ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоолону талап кылып жатышат.

Талап кылганды билгендер, өз милдетин да билиши керек.

Болбосо, бизде өз укугун абдан жакшы билип, бирок коом алдындагы милдетин унутуп койгон, же билгиси келбегендер да бар.

Мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок, башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар.

Демократия эмнеси менен күчтүү? Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде болсо кээде азчылык көпчүлүк чечип жатса дагы, жок андай эмес деп, анын башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат.

Демократиянын эң негизги принциби — азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошонусу менен демократия.

Шайлоонун таза, ачык өтүшү Президенттен, же Борбордук шайлоо комиссиянынан гана көз каранды эмес.

Мен баардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам.

Баарыбыз ынтымакта, бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек.

Ал эми мен, Президент катары, менден мыйзам алкагында шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатам жана аткарам. Менин негизги милдетим ушул.

— Урматтуу Сооронбай Шарипович, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик.

— Сизге рахмат! Ишиңизге ийгилик.

Майрамыбыз кут болсун!

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!