Окуялар
Жалал-Абадда жол кырсыгынан 8 адам каза болду (ФОТО)
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаасы менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.