Адам кайсы жаш курагында өзүн бактысыз сезишет. Окумуштуулардын иликтөөсү

Окумуштуулар адамдын жашоосундагы эң бактысыз мезгил 47-48 жашка туура келерин аныкташты. Бул тууралуу “Известия” маалымат булагы жазды.

Иликтөөнү АКШдагы Дартмут колледжи жана Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун адистери жасашкан. Документте бул сырткы факторлордон эмес, организмдеги биохимиялык процесстерден жана гормондордун деңгээлинен улам келип чыккан көрүнүш экени айтылат.

Окумуштуулар 132 өлкөнүн маалыматтарын иликтөөгө алышкан. Алар ар кайсыл жаш курактагы адамдардын өз жашоосуна канчалык канааттанганын баалоону суранышкан. Көрсө, бакыттын ийри сызыгы латынча U тамгасы экен.

Жыйынтыкка ылайык, адамдын эң бактылуу жашоосу 18-20 жашка туура келет. Кийин абал тескери жагына өзгөрүп, болжол менен 47-48 жашта өзүнүн чокусуна жетет.

Маалыматта өнүккөн өлкөлөрдө адамдар 47 жашында, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде 48 жаш жана эки айда кризиске кабылышат, ал эми Россияда, Кытайда жана Мексикада үмүтсүздүк шамы 43 жашында байкалат.

Бул абал 60 жашка чейин созулуп, ийри сызык кайра өйдөнү көздөй багыт алат жана 70 жашта адам жашоодон ырахат ала баштайт.