Дүйнө

Ооруп калуу бат эле. Дарыгер күздө кандай бут кийим кийүү керектигин айтты

Күздө кончу кыска жана кроссовки сыяктуу бут кийимдерди кийүү ден соолукка зыян. Бул мезгилде кайсы түрүн кийүү керектигин Sputnik радиосуна травматолог-ортопед, остеопат, медицина илимдеринин кандидаты Константин Терновой билдирген.

Дарыгер күздө күн салкындаганына карабай моданын артынан кууп кызыл ашыгына да жетпеген бут кийимдерди, кыска шымдарды кийип жүргөндөрдүн тарамышына суук тийип, сезгенип каларын эскертет.

«Адамдын буту ар дайым кургак жүрүшү керек, демек, бут кийим да сезонго жараша суу өтпөгөн, кончу узун болушу шарт. Кездемеден жасалган кроссовкилер күздө жарабайт. Эгер окопто жаткан аскер түнү менен суу бут кийим кийип турса, эртең менен анын бутун ампутациялоо маселеси жаралып калышы ыктымал. Бутка суу өтүп кетсе суук тийиши ыктымал, мындан тышкары, тарамыштар сезгенип, бут ооруларын пайда кылат», — деди Терновой.


Ошондой эле ал абанын күндүзгү температурасы 14 градуска түшкөндө күзгү бут кийимге өтүү керектигин белгиледи. Ал эми кеңседе иштегендер үчүн жумушуна жеткенде жеңил бут кийимге алмаштырып алууну сунуштайт. Себеби кеңсе ичинде бут тердеп ным болуп калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button