Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы

«Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, Бишкек шаарын санариптештирүү жана көрктөндүрүү боюнча чаралар тууралуу суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүүгө жасалган негизги басым менен катар борбор шаардын маселелери ар дайым көңүл борборунда экенин баса белгиледи.

Президент борбор шаарды санариптештирүү катуу көзөмөл астында жүрүп жатканын, Бишкектеги ооруканаларды, калкка кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерди санариптештирүү иши түздөн-түз жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар шаардыктардын турмушундагы бюрократияны, күнүмдүк түйшүктү азайтып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп, жашоосун жакшыртууга кеңири камкордук болорун белгиледи.

«Өткөндө дагы айткам, биз баарын камап же каерде коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз. Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое-алабыз. Санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талапты катуу коюп жатам», — деп өзгөчө баса белгиледи Президент.

Эми, Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эң негизгиси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өз милдеттерин аткарышы керек.