Коом

Кыргызстанда инсульт мектеби ачылат

Кыргыз неврологдордун  илимий медициналык  коому жана  КММАнын неврология жана клиникалык генетика кафедрасы  менен биргеликте инсульт менен ооругандар, алардын жакындары жана багуучулары үчүн Кыргызстандагы алгачкы инсульт мектебин ачууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, инсульт мектеби эң жөнөкөй калыбына келтирүү ыкмаларын жана туура кам көрүүнү үйрөтүп, бейтаптын жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Кыргызстанда жыл сайын 15 000ден ашуун адам инсульт менен жабыркайт, алардын 80% өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн жаш кезинде майып болуп калышат!

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, инсульт мектеби ZOOM платформасында онлайн режиминде семинар жана баарлашуу түрүндө өткөрүлөт.

Адистер инсульт деген эмне, физикалык реабилитацияны кантип жасоо керек, сүйлөө, эс тутум, ой жүгүртүүнү калыбына келтирүү ыкмаларын көрсөтөбүз, денедеги жаралар, зонд, катетер, трахеостоманын  гигиеналык жардамын кантип туура жүргүзүүнү түшүндүрүп беришет жана албетте бейтаптарды психологиялык реабилитациялоосу талкууланат. 

Инсульт мектеби үчүн бейтаптар жана дарыгерлер колдоно турган веб-сайтты жана мобилдик тиркемени иштеп чыгуу башталды. Ошондой эле бейтаптар үчүн Whatsapp тобу иштеп баштады, ал жакта алдыдагы иш-чаралар жана жаңылыктар жөнөтүлөт. 

Инсульт мектеби ар ишемби сайын саат 16: 00дө ZOOM платформасында өткөрүлөт.

Инсульт мектеби Кыргыз Республикасындагы Такеда Остюропа Холдинг ГмбХ компаниясынын колдоосу менен уюштурулган.

Бейтаптар төмөнкү шилтеме аркылуу Whatsapp топко кошула алышат :

‎ https://chat.whatsapp.com/D2kAcgNkFIu4te3ILSUAEt

Кошумча маалымат алуу үчүн 0 500 303 744 номерине байланышыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button