ИИМдин кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине арналган эстелик-мемориалдын ачылышы болду (ФОТО)

2020-жылдын 16-сентябрь күнү ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган эстелик-мемориалды ачуу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы полковник Ислам Кенжекулов, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири Аскат Султаналиев жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери күжүрмөн салтты улантуу менен, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өздөрүнө тагылган милдеттерди абийирдүүлүк жана жоопкерчилик менен аткарып келишет. Мамлекетибиздин бардык өнүгүү тарыхында ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө алдынкы катарда туруп, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого алууда маанилүү тамшырмалар  аткарылуунун үстүндө келери жалпыга маалым.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунуну командири Аскат Султаналиев өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:  “Бүгүн ачылган эстеликтин артында биздин эр жүрөк жана тайманбас баатыр уулдарыбыздын тагдырлары турат, ушундай уулдарды тарбиялап өстүргөн ата-энелерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтып, ыраазычылыгымды билдиремин. Биздин арабыздан өтүп кеткен кызматкерлерибизди эскерип, алар азыр биздин арабызда жоктугуна ичибиз ачышып сыздап турат.

Аземде чыгып сүйлөгөн Ардагерлер кеңешинин төрөгасы Султан Жоошбаев: “Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жарандарыбыздын бейпилдиги үчүн кам көрүп, арабыздан өтүп кеткен кесиптештерибиздин жаркын элесине дагы бир ирет таазим! Бүгүн, кесиптештерибиздин эрдиктерин эске алып, ички иштер органдарында курман болгон кызматкерлерди эскерип жатабыз. Ар бир кыргыз милициясынын алдында коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү тапшырмасы турат. Кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп, курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүүдөбүз. Алардын, ысымы биздин өлкөнүн тарыхында калып, кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жанына жазылды. Алар жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз”,- деди Султан Жоошбаев.

Кылмыштуулукка каршы кырчылдашкан күрөштө башты канжыгага байлап коюп аттанышкан эр азаматтарыбыз тарабынан далай эрдиктер жасалып, кылмыштуулук тизгинделип, мыйзамсыз жолдо жүргөндөр тескелип келет. Андай учурда өмүрү бычак мизинде болгон мүнөттөрдү баштан кечирип келе жаткан кесиптештерибиздин арасында, тилекке каршы жоготуулар да болбой койбойт экен. 1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери кызмат учурунда курман болгон. Ал эми 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Мекенинин гүлдөп өнүгүшү үчүн 57 милиция кызматкери өмүрүн аябаган. Ошолордун ичинен Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 11 кызматкери өмүрлөрү менен кош айтышкан.

Бүгүнкү күндө полктун кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себиби, полктун кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча  жүздөгөн операцияларды ишке ашырып,  алдына  койгон тапшырманы  ар кандай шарттарда  так жана жөндөмдүү аткарып келет.

Кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер:

– милициянын улук лейтенанты Туйтунов Муратбек Базарбекович, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон;

– милициянын кенже сержанты Накидкин Дмитрий Викторович, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон;

– милициянын улук сержанты Тугельбаев Мирдин Жекшенбекович, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында баатырларча курман болгон;

– милициянын кенже сержанты Сайдинов Нурланбек Жанышович, 2004-жылдын 20-ноябрында Ош шаарында террорчулар менен болгон кармашууда курман болгон;

– милициянын старшинасы  Сарыбаев Улан Молдобекович, 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна Таджикистандан кирип келген согушчандар тобун жок кылууда курман болгон;

– милициянын старшинасы Жумакадыров Омурбек Султанович, 2007-жылдын 19-январында Аламедин районунун   Пригородное айылында  уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды кылгындыгы үчүн издөөдө жүргөн Нарматовду кармоодо  курман болгон;

– милициянын кенже сержанты Жаанов Уланбек Садыкович, 2011-жылдын 22-ноябрында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон;

– милициянын прапорщиги Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевич, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон;

– милициянын старшинасы Джоробеков Максат Эсенжанович, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон; 

            – милициянын капитаны Исмаилов Толобек Эсенбекович, 2015-жылдын 10-октябрында  Бишкек шаарынын Достук кичирайонунда экстремист Итибаевди кармоо операциясында курман болгон.

            – милициянын майору Майрамбеков Рысбек Бакасович, 2018-жылдын 20-июлунда кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин эстелик ачылып,  Эскерүү Мемориалында гүл чамбарлар коюлуп, курман болгон кызматкерлерге арналып куран окутулду. Милиция кызматкерлери курман болгон жолдошторун эскеришип, алардын элестеринин алдында таазим кылышты.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын  Басма сөз кызматы