Пайдалуу кеңештер

Ичибизге барганда билинбей ууга айланчу, галлюцинация чакырчу көп колдонулчу кайсы чөп-чар?

Көпчүлүк аябай шок болот болуш керек, дайыма эле суп менен салаттарга кошуп жүргөн бул көк (зелень), ден соолукка биз ойлогондой пайдасына караганда зыяны көп экенин билишкенде. Ал кадимки эле петрушка. Бул тууралуу news-fancy.com жазып чыкты.

Бул көк өзүнүн саламаттыгын натуралдуу табигый чөп-чарлар менен чыңдагысы келгендерге табылгыс дары. Ал витаминдердин жана микроэлементтердин уникалдуу кошундусунан турат, составындагы компонеттер биологиялык жактан өтө активдүү келет.  

Ушул пайдалуу сапаттарына карабастан, ал биздин организимибизге өтө чоң залал алып келиши мүмкүн экенин айтышат, адистер. Анткени, петрушка кошулган салаттарга жана башка тамактарга  майонез, сметана (каймак), же өсүмдүк майы аралаша турган болсо, анда ал билинбей эле ууга айланып кетет, себеби дароо нитраттарды бөлүп чыгара баштайт.    

Эгерде ошончолук эле тамакка петрушка кошуп жегиңер, кошуп ичкиңер келип жатса, анда аны жээрдин, же ичээрдин алдында гана себелеш керек.

Эң башкы эреже – петрушка кошулган даяр тамакты жарым саттан ашырбай туруп жеш керек.  

Бул көктү өтө майда керткилебей, чоң-чоңдон кесип туруп пайдаланган жакшы. Ошондо гана анын пайдалуу заттары толугу менен сакталат, болбосо өтө майдалып ийгенде  эфир майлары зыян тартып калышы мүмкүн.

Зыянынан пайдасы алда канча көп бул көктү, ашепке  (көп) пайдалануу биртоп жагымсыз натыйжаларга алып келээрин биле жүрүш керек. Ашепке деп айтып жатканыбыздын себеби, организмде миристициндин – эфир майынын өтө көбөйүп кетишине алып келет. Ал эми организмде миристициндин көбөйүп кетиши кускуну келтирип, баш айлантып, галлюцинация пайда кылат.

Бөйрөгү оорулууларга да петрушканын зыяны көп. Петрушканын составы бул органдын өтө сезгич паренхиминин клеткаларын дүүлүктүрөт.

Петрушканы нефрит, курч цистит, подагра, гипокальциемия жана бөйрөктө таш болгондо (көлөмү 5-6 ммден чоң болсо) тамакка кошууга болбойт. Анткени петуршка бөйрөктөгү ташты кыймылга келтирет.

Боюнда бар аялдарга да петрушканы колдонууга болбойт, анткени ал жатындын булчуңдарынын тонусун көтөрүп, активдүү иштетип, ай-күнүнө жете электе эле толгоо чакырып, же бойдон түшүрүшү да мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button