Пайдалуу кеңештер

Душка жана ваннага бат-баттан түшүүнүн зыяндуулугу. Адистин пикири

Ооруларга туруштук берүүбүз төмөндөп кетет.

Көпчүлүк адамдар жумуштан келгенден кийин жылуу ваннага түшүп, жыргаганды жакшы көрүшөт. Бирок, мындай адаттан баш тартууга туура келээрин медицина илимдеринин кеандидаты, эндокринолог Зухра Шариповна Павлова айтты. Муну Mk.mk.ua маалымат порталы жазып чыкты.

Ар түркүн косметикалык каражаттарды пайдаланып күн сайын бир нече жолудан сууга түшүүнүн кажети жок, дейт адис. Аргумент катары, ал The Atlantic журналына чыккан илимий макалага таянат. Ал макалада ысык суу менен самындуу каражаттар теринин үстүнөн, коргой турган майды жууп таштайт деп айтылган. Биздин организмдин маанилүү элементтеринин бири болгон тернин майы терини ар түрдүү инфекциялардан жана патогендерден сактап турат. Теринин майын жууп салуу менен бирге биздин микробдор менен ооруларга туруштук берүүбүз төмөндөп кетет.  

Зухра Павлова.

Ушундай тыянакты эндокринолог өзүнүн социалдык желедеги баракчасына жарыялады. Ошондой эле бат-баттан жууна берүү D3 витамининин тартыштыгына алып келиши ыктымал деди, ал. Анткени, көп жууна бергенде тери бул витаминди керектүү өлчөмдө иштеп чыгарууга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Душка түшүүдө пайдаланган гелдеги химикаттар жана ысык суу менен денени бат-баттан жууп туруу бул витаминдин жетишсиздигине алып келет.

Эгерде күн сайын душка же ваннага түшүүдөн баш тарта албасаңар, анда самындоочу каражаттарды пайдаланбагыла, деп сунуш берет эксперт.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button