Секонд-хендден сатып алган кийимдерден коронавирус бит аркылуу жугат

Ар түрдүү себептер менен көптөгөн адамдар секонд-хенд соода жайларынын кийимдерди сатып кийишет. Эксперттер мурда бирөөлөр кийген кийимдер аркылуу илдетти жуктурса болобу деген суроого жооп беришти. Бул тууралуу Голос.ua. маалымат порталы жазып чыкты.

«Санитарный cервис» компаниясынын сапат боюнча директору Николай Дубинин секонд-хендден грипп, гепатит жана COVID-19у теория жүзүндө, жугузуп алуу мүмкүнчүлүгүн айтып берди.

Кээ бир кардарлар мурда кийилген кийимдерди саткан дүкөндөргө барууну туура көрүшпөйт, буюмдарды зыяндуу химикаттар менен тазалашат дешип. Кээ бирлери андай буюмдар опурталдуу, анткени ар түрдүү ооруларды жугузуп алса болот деп эсептешет.

Кандай гана коркунучтуу вирус болбосун, ал кийимде үч суткадан ашык жашабайт. Биринчи ээсинен тартып сатылганга чейин ал буюм өтө узак жолду басып өтөт, андыктан алардан илдет жуктуруп алуу  өтө минималдуу. Мурда кийилген кийимди буу менен тазалап, дезинфекциялайт. Ошол эле учурда, ооруну жуктуруп алуунун негизги жолу – кийимдин тигиштеринде, бүктөлгөн жерлеринде жашырынып калып калган биттер аркылуу болушу мүмкүн.

Дагы бир жуга турган жагдайы, эгер секонд-хендге тумоологон адам келип калса, анын үстүнө чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлүп атса, буюмду өзүнө ченеп көрүп, бирок сатып албастан, кайра илип коюп кетип калса, ал өтө опурталдуу шартты жаратат. Анткени, андан соң ошол эле дүкөнгө дени-карды соо адамдар келишип, оорулуу  кармаган буюмдарды колдору менен кармап көрүшүп, анан башы аркылуу кийишсе, анда вирустун мурун, ооз жана көздүн былжырлуу жерлерине жабышышын камсыз кылышат.