14 беткаптын кайсынысы вирустан жакшы коргойт? Иликтөөлөрдүн тыянагы

Сен жамандыкка жардам бербей, ага каршы күрөшүшүң керек!

2020-жылы медициналык беткаптар көчөгө чыкаканда башкы аксессуар болуп калды. Көпчүлүк беткаптарды өздөрү жасашат, же банданалар менен жоолуктарды пайдаланышат. АКШнын Дьюк Университетинин окумуштууларынын тобу өтө кеңири пайдаланылып жаткан беткаптардын 14 түрүн салыштырып көрүштү, кайсынысы канчалык деңгээлде эффективдүү сактай алаарын билиш үчүн. Ал беткаптардын  баардыгына бирдей ишенүүгө болбойт экен. Кээ бирлери сактамак түгүл, кайра өтө коркунучтуу болуп чыкты. Бул тууралуу Daily.afisha.ru жазды.

Эксперименттин учурунда анын катышуучулары ар түрдүү беткаптарды кийип алышып, «Адамдар, ден соолукта болгула» деген бир гана фразаны айтышкан.  Өтө кубаттуу лазер орнотулган атайын жабдуунун  жардамы менен окумуштулар ар бир катышуучу фразаны айтканда бөлүп чыгарган микротамчылардын санын текшеришти. Анткени микротамчылар аркылуу инфекция таралат. Андан соң, 14 беткаптын ар биринен бөлүнүп чыккан микротамчыларды, адам беткап кийбей туруп ушул фразаны айткандагысы менен салыштырып көрүштү.

Иликтөөнүн учурунда катышкан коргоочу каражаттар: 1) медициналык беткап; 2) беткап № 95, клапаны менен; 3) токулган беткап; 4) полипропиленден тигилген эки кат беткап; 5) пахта менен полипропилендин аралашмасынын тигилген беткап; 6) бир кат  Maxima AT беткабы; 7) бүктөмөлөрү бар пахтадан тигилген эки кат беткап; 8) olson стилиндеги пахтадан тигилген эки кат беткап; 9) бүктөмөлөрү бар пахтадан тигилген эки кат беткап; 10) бүктөмөлөрү бар пахтадан тигилген бир кат беткап; 11) флисовый жака; 12) бандана; 13) бүктөмөлөрү бар пахтадан тигилген эки кат беткап; 14) беткап № 95, клапаны жок.

Эң мыкты беткаптар

Биринчи орун — беткап № 95 (2 жана14). Буларды ооруканаларда колдонушат. Бул беткаптар 0,01%тен да аз микротамчыларды өткөрөт..

Экинчи орун — бир кат медициналык беткап (1), 0,7% микротамчыларды өткөрөт.

Үчүнчү орун — пахтадан тигилген эки кат беткаптар (7, 8). Көпчүлүк буларды өздөрү тигип алышат. Бул беткаптар 8% микротамчыларды өткөзөт.

Өтө начар беткаптар

— Банданалар (12) жана токулган беткаптар (3) иш жүзүндө эч кандай коргой албайт —50% жана 42% микротамчыларды өткөрүп ийишет;

— Флисовый жака (11) өтө коркунучтуу болуп чыкты. Муну жөө чуркагандар көп колдонушат. Бул “беткап” аны тагынган кишини коргомок турсун, жугузуп алуу коркунучун көбөйтөт (105%).

«Флис жакадан бөлүнүп чыккан микротамчылар беткап кийбеген адамдыкынан да көп, — дейт илимдин доктору Мартин Фишер. — Мунун себеби, бул материал ири тамчыларды майдалып бөлүп жиберет. Ошол себептүү ал майдаланган тамчылар абада көпкө чейин сакталат жана оңой тарайт. Демек, мындай жаканы тагынуу беткапты тагынбагандан да коркунучтуу. Биз баарыңарды жеке коргонуучу каражаттарды пайдаланууга чакырабыз, бирок, беткап туура материалдан жасалганына жана силерди да, айланаңардагыларды да коргой турганына көзүңөр жетиши керек».

«Биз, иликтөөбүздү, адамдар «Бул беткап сактайт, а мунусу сактабайт», деп кабыл алса деген максатта жасадык, — деп айтты Wired басылмасына, иликтөөгө катышкан окумуштуулардын бири. — Бул беткаптар боюнча гид эмес. Беткаптардын жарактуулугун, же жараксыздыгын үй шартында тез текшерип билип алууга жардам бере турган жаңы, жөнөкөй технологияны  демонстрациялоо».