Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Министр Мамлекет башчысынын алдыдагы Россия Федерациясына жумушчу иш сапары менен Венгрияга расмий визитине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Россияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Россияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Жооп катары расмий визит менен баруу тууралуу макулдашууга 2018-жылдын сентябрь айындагы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген. Расмий визитинде ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коногу болгон жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине байкоочу катары катышкан.

Визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия Президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Мындан сырткары, министр өлкөнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Анын маалыматы боюнча, чет мамлекеттердеги шайлоо комиссияларынын участокторунун саны быйыл 45ке жетти, 2017-жылы 37 болчу.

Мамлекет башчысы чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда даярдыктарды күчөтүүнүн жана мекендештердин добуш берүү процессиндеги коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык санитардык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөр менен эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу боюнча иштердин күчөтүлүшү зарылдыгына көңүл бурду.