Бишкектеги №1005 шайлоо тилкесинде кайым айтышуу болду
Бишкек шаарындагы №1005 шайлоо тилкесинде шайлоо комиссиясынын мүчөсү (аял киши) менен «Республика» партиясынын байкоочусунун ортосунда кайым айтышуу болду. Бул шайлоо тилкеси Жаш Гвардия бульварындагы №9 орто мектептин имаратында жайгашкан.
Комиссиянын мүчөсү урна тарапта турган. Байкоочулар аны шайлоочулар бюллетенде кайсы партияга добуш бергенин көрүп жатат деп айыпташты. Ал эми комиссиянын өкүлү шайлоочуларга бюллетенди урнага салууга гана жардам берип жатканын айтты.
Партиянын өкүлү эреже бузуу болуп жатканын айтуу менен телефонуна түшүрүп жатты. Андан кийин байкоочулардын бири ордунан туруп, телефону менен урнанын жанына чейин барган. Шайлоо комиссиянын мүчөлөрү ал тоскоол болуп жатат деп эсептеп, жыйынтыгында туура эмес жүрүм-турум боюнча акт түзүлдү.