Түшкө чейин бир миллиондой жаран добуш берди. Аймактар боюнча маалымат

Саат 14.00гө карата 990 492 адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 28,11 пайызын түзөт.

Аймактар боюнча статистика:

Бишкек — 27 пайыз;
Ош — 35,24 пайыз;
Жалал-Абад облусу — 30,2 пайыз;
Ысык-Көл облусу – 26,5 пайыз;
Нарын облусу — 28,99 пайыз;
Ош облусу – 28,45 пайыз;
Талас облусу –29,85 пайыз;
Чүй облусу – 26,76 пайыз;
Баткен облусу – 26,4 пайыз.