Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады

Өлкөдө добуш берүү аяктап, шайлоо участкалары жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн 4-октябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлады.

Бул ирет республика боюнча 2 475 добуш берүү учактогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар добуш бериши үчүн 45 шайлоо участогу ачылды.

Аларда 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.