Бишкек: стадиондун жанына ИИМдин атайын техникасы топтолуп жатат.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанына Ички иштер министрлигинин атайын техникасы токтотулду.

Кадрлардан бир нече атайын техника менен суу аткычтарды көрүүгө болот. Ал эми өкмөт үйүнүн алдына күч кызматкерлери чогулуп турат.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга, “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстанга” тийген. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнө күмөн санап, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында митингге чыгышты.