Коом

Камчы Көлбаев ыктыярчы кошуун менен бирге, Орто-Сай шаарчасынын жашоочуларын кайтарып жүргөнү айтылууда

Кечээ, социалдык байланыш тармактарында “Камчы Көлбаев резиденцияга бара жатат”-деген маалымат тарап, ал кызуу талкуу жараткан. Анда, Камчы Көлбаев ыктыярчы кошуун менен аралашып жүргөн видеосу интернетке тараган.

Окуя чынында Орто-Сай шаарчасында болгон. Ыктыярчылар жана жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Көлбаев ыктыярчы кошуун менен биргеликте жашоочулардын коопсуздугун карап, талап-тоноочулукка жол бербөө максатында жүргөн.

“Шаарды талап-тоногондор Орто-Сай шаарчасына багыт алыптыр деген маалымат келди. Биз ызы-чуу түшүп, эмне кылышыбызды билбей калдык. Жигиттер чогулуп, коопсуздукту сактоо үчүн ыктыярчы топ түзүштү. Алардын арасына Камчы Көлбаев дагы келип кошулду деген маалымат жетти, кийин чындап эле элдик кошуунда Камчы Көлбаев өзү жүргөнүн билдик”-дейт Орто-Сай шаарчасынын жашоочусу Махабат Сапарова.

Шаарчанын жашоочусу, ал аймакта бай адамдар көп жашаганы, ошого байланыштуу мародерлор тономок болгонун кошумчалады.

“Орто-Сай шаарчасында бай адамдар көп жашайт, ошого байланыштуу мародерлор талап-тоногону келе жатыптыр дешти. Соода борборлорун тоногондор, жеке үйлөргө кире баштаса, анда чыныгы баш аламандык хаос жаралмак. Ушундай кырдаалды басып, жардам берип жүргөн адамдарды резиденцияга бара жатыптыр деп маалыматты бурмалап тараткандар уятсыздар экен. Бул жакта Көлбаевдин элдик кошуун менен чогуу жүргөнүн ар бир жашоочу тастыктап бере алат”-дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button