ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.


Алынган ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош облусунун жашоочусу 37 жаштагы А.С. кармалган. Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан мыйзамсыз алып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчага окшош курал табылган.


Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жаратарды этиятсыз колдонуу) негизинде КЖБРге катталган.
Ошондой эле, кармалган жаран “CHRYSLER 300 C” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.


Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы