Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 431 адамдан аныкталып, төрт бейтап каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда 431 кишиден коронавирус табылып, 203 бейтап айыкты. Ошол  эле учурда коронавирустан төрт адам көз жумду. Эки учур Ошто болсо, дагы экөө Баткен облусунда катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 1 103 кишинин өмүрүн алды.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 70;
  • Ош – 44;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 147;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 65;
  • Баткен облусу – 52.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button