Коом
Коронвирус. Жуктургандар көбөйүп, дагы 3 бейтап каза болду
Өлкөдө акыркы суткада 554 киши ооруну жуктуруп, үч киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 88;
- Ош — 38;
- Чүй облусу — 46;
- Ош облусу — 105;
- Талас облусу — 12;
- Нарын облусу — 6;
- Ысык-Көл облусу — 26;
- Жалал-Абад облусу — 143;
- Баткен облусу — 90.
Коронавирустун каза болгон бейтаптар Бишкек шаарында, Ошто жана Нарын облусунда дарыланып жатышкан.
Ушуну менен жаздан бери Кыргызстанда аталган вирустан өлгөндөрдүн саны 1 111ге жетти.