Коом

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжиндеги аралыктан билим берүү жөнүндө

Аралыктан окутуу – бул билим берүү процессинде сабактарды алыстан өтүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап технологияларды колдонуу. Аталган милдетти аткаруу Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин педагогдорунун Moodle (217.29.19.78 bkams) платформасында аралыктан окутуу системасы менен иштөөсүн актуалдаштырды.

Moodle (217.29.19.78 bkams) билим берүү платформасы колледждин электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн негизи болуп саналат. Анын мазмундук толтурулушу – окуучулардын жайгашкан жерине карабастан окутуунун натыйжасына жетишүү жана баалоону камсыздоочу онлайн курстар.

Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуу мастерлери тарабынан дисциплина (модуль) боюнча түзүлгөн курстар практикалык/лабораториялык иштер жана билимди текшерүү үчүн теориялык материалды, видеофильмдерди, презентацияларды, усулдук материалдарды камтыйт.

Платформа окуу-усулдук комплекстин бардык компонентин камтыйт:

— электрондук окуу китеби – интерактивдүү шилтемелери менен иллюстрацияланган теориялык материал;

— демонстрациялануучу материалдар – анимация, слайд-шоу, видео түрүндөгү кошумча теориялык материалдар;

— интерактивдүү практикалык тапшырмалар;

— текшерүүчү-баалоочу каражаттар – окуучулардын окуу материалдарын өздөштүргөндүгүнө ыкчам байкоо жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмалар жана суроолор.

Популярдуу видеосервистер болуп WhatsApp, ZOOM, YouTube жана Skype саналат. Аталган программаларды колдонуу менен педагогдор онлайн-сабактарды өткөрөт, курстук долбоорлоо боюнча жеке жана топтук консультацияларды берет, экранды демонстрациялоо жана интерактивдүү доска сыяктуу куралдарды колдонушат. Алар чертеждор менен иштеген учурда жардам берет.

Окуу планына ылайык колледжин окутуучулары тарабынан окуу материалдарын сапаттуу берүү үчүн окутулуучу дисциплиналар боюнча видео-сабактар иштелип чыгууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button