Жолдо жүрүп бараткан автоунаа өрттөнүп кетти (ФОТО)

Нарын облусунда 22-октябрында саат 17:02 чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.